Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Бакировдун мандаты алынып, кийинки талапкерге берилсин” деген соттун чечими жок да”

15.09.2023 11:47
1459
Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Бакировдун мандаты алынып, кийинки талапкерге берилсин” деген соттун чечими жок да”


- Дастан Артисбекович, сиз мурдагы кесиптешиңиз Өмүрбек Бакировдун мандатынан ажыратылышы боюнча маселе көтөрүп, БШКны түшүндүрмө берүүсүн талап кылдыңыз. Ошондо Бакиров мандатынан мыйзамсыз ажыратылды деп ойлойсузбу?


- 2021-жылы №4 Көк-Жар шайлоо округунда да шайлоо болуп өткөн. Жеңүүчү катары Өмүрбек Бакиров мандат алып, эки жылдан ашык иштеди. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзам бар, ошондо так көрсөтүлгөн, шайлоо бүткөндөн кийин үч күндүн ичинде талапкердин үстүнөн кандайдыр бир арыз келип түшсө, ал үч күндүн ичинде каралууга тийиш. Эгер жеңген талапкер мыйзамды бузса, ага мандат берилбейт, же иш сотко жиберилет. Биздеги маалыматтар боюнча Бакировдун үстүнөн арыз келип түшкөн, бирок үч күндүн ичинде каралган соң ИИМ тарабынан “эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес” деп справка берилип, БШК ошого таянып Бакировго мандат тапшырган. Бүгүн болсо “жаңы жагдайлардын негизинде” деп мандатын алып коюп атат. Суроо туулат: мейли, Бакировдун мыйзам бузганы аныкталды дейли. Бирок, эмне үчүн мандат андан кийинки орунду алган талапкерге берилип атат? “Бакировдун мандаты алынып, кийинки талапкерге берилсин” деген соттун чечими жок да. БШКнын өзүндө кандай каралды бул маселе? Менин оюмча, жаңы шайлоо болуш керек эле. Ошон үчүн биз БШКнын өкүлдөрүн чакырдык. Бакиров эки жарым жыл парламентте отурду, мыйзамдарга добуш берди, бюджеттен айлык алды. Бул жагы кандай болот?


- Мыйзамда “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген жобо барбы?


- Жок. Атайын үч күн мөөнөт берилет. Ошол үч күндүн ичинде териштирилиши керек. Эгер “мыйзам бузуу болгон” деп табылса, иш сотко өтүп, сот процесси жүргөндөн кийин гана ким утуп келсе, ошол талапкерге мандат берилет.


- Сиздин оюңузча, бул нерсе кандайча уланышы мүмкүн?          


- Мен бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат катары кайрылдым. Фракция лидери катары Акылбек Тогузбаевич өзүнүн сунушун киргизди. Эртең эми көрөбүз кандай болорун. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн