Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дастан Жумабеков: Жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү жана баа жеткис

09.05.2020 15:27
1181
Дастан Жумабеков: Жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү жана баа жеткис

 

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков Жогорку Кеӊештин атынан кыргызстандыктарды 9-май - Улуу Жеӊиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

Бул күн - көп улуттуу совет элин гана эмес, жалпы дүйнөнү фашизмдин чеңгээлинен бошоткон, адамзатка тынчтык тартуулап, согуш отунан куткарган улуу күн. Улуу Жеңиш аталарыбыздын тайманбастыгы жана кажыбас кайраты, энелерибиздин талыкпаган эмгеги, маңдай тери менен келген даңазалуу майрам! Миллиондогон адамдар согуш талаасында душман мизин кайтарып, биз жашап жаткан тынчтык күн үчүн күрөшсө, оорукта калгандар майдандагыларга дем-күч берип, жеңишке шерик болушкан. Тилекке каршы, аталарыбыздын бир тобу эрдик көрсөтүп, душман огунан каза болсо, бир тобу кан майданда дайынсыз жоголгон. Дагы далайы түбөлүк саламаттыгынан ажыраган.


Алсак, Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Майданда 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Алар алып келген жеӊиштин үзүрү – түбөлүктүү, анын куну баа жеткис. Согушта курман болгондорду, жеӊиш үчүн жан аябай күрөшкөндөрдү унутуу эч мүмкүн эмес. Алардын көзүнүн тирүүсүндө сый-урмат кылып, кадырлоо баарыбыздын ыйык милдетибиз! Тилекке каршы, жылдан жылга ардагерлерибиздин катары азайып барат. Биз үчүн бул чоң өкүнүч.


Ардактуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!


Сиздер жакшылыктын жарчысы, жаӊы турмуштун баштоочусу катары арабызда аман болуӊуздар! Кажыбас кайрат, бактылуу карылык каалап, бекем ден соолук тилейм! Дагы бир жолу Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибизде жеӊиштин деми өчпөсүн!"


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн