Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Дастан Жумабеков депутаттарды беткап тагынууга чакырды

06.05.2020 11:20
1072
Дастан Жумабеков депутаттарды беткап тагынууга чакырды


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, 6-майда парламент жыйынында депутаттарды беткап кийип отурууга чакырды.


Анын айтымында, жыйында Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери иштеп жатат жана эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү катышууда.


Өкмөттүн чыгарган токтомдорун, Саламаттыкты сактоо министрлиги берген сунуштарды эске алып, санитардык номаларды сактоого, беткап кийип отурууга чакырды.


“Бул жерде бир микрофондо бир нече эл өкүлдөрү сүйлөйт. Ошондуктан сүйлөгөнү чыкканда, жыйында отурганда беткап тагынып отурсак”, - деп айтты ал.


Жыйынга эл өкүлдөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угууга чогулду.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн