Кулжа 29, 2024
Убакыт: 09:37
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

ЖК жыйынында төрага Дастан Жумабеков менен Исхак Масалиев сөз талашып айтыша кетти

14.05.2020 13:43
1099
ЖК жыйынында төрага Дастан Жумабеков менен Исхак Масалиев сөз талашып айтыша кетти


Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков менен депутат Исхак Масалиев шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзамынын долбоору талкууланып жатканда регламенттин сакталышы боюнча айтыша кетишти.


Исхак Масалиев: “Жазылган депутаттын баарына сөз бербей, 5-6 гана депутатка сөз берип, калгандарынын оозун жаап коюуга болбойт да. Баарына мүмкүнчүлүк берели”, - деген пикирин билдирди.

Бул добуш менен чечилет, регламентте көрсөтүлгөн. Ким кандай сунуш берсе, мен добушка коюшум керек. Андан алыс кете албайм”, - деди төрага.

Ага чейин депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзамды талкуулап отура бербей, добуш менен чечүүгө, кааласа 7 пайызга, кааласа 9 пайызга добушун берип чечип койсо болоорун билдирип, талкууга чыкканды токтотууну төрагадан суранган болчу.  

Азыр мен интернеттен окуп калдым, Кенжебек Бокоевге жакпаса кетип кал, деген реплика таштадыңызбы? Албетте, парламентте урушабыз, талашабыз бирок кимдир бирөөнүн артынан антип айтууга болбойт”, - деди Масалиев.

Ага жооп кылып, төрага: “Мен антип эч кимдин атын атаган жокмун. Сиздер дагы ортодогу микрофонго жарыш сөзгө чыкканда бири бирибизди сыйлап, этияттап сүйлөйлү. Эмне, микрофон сиздер үчүн эле уюштурулду беле ушул жерде? Сиздер да этияттаңыздар, мага карата дагы ошондой сөздөр айтылды. Мен дагы жооп беришим керек болду. Бирок мен "кетип кал" деп эч кимди айткан жокмун”, - деп жооп берди.

Сиздики туура эмес деп эле айтып койсо болот, "кетип кал" деп айтканыңыз туура эмес. Сиз жөнөкөй депутат эмессиз, төрагасыз. Жумушуңуз ушундай, ага чыдоо керек”, - деди Масалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн