Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Дастан Жумабеков: "Тартипке баш ийип, биргелешкен аракет менен илдетти жеңебиз"

19.03.2020 16:05
763
Дастан Жумабеков: "Тартипке баш ийип, биргелешкен аракет менен илдетти жеңебиз"


Тартипке баш ийип, биргелешкен аракет менен илдетти жеңебиз. Бул тууралуу бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.


Анын айтымында, адамзат башына түшкөн оор кырдаал менен Кыргызстан да жигердүү күрөшүп жатат.


Өкмөт тарабынан тиешелүү иштер жасалып жатат. Албетте, кемчиликтер да жок эмес. Бирок, биз ушундай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, илдетке каршы жапатырмак күрөшөлү. Белгиленген эрежелерге баш ийип, коюлган талаптарды аткаралы. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ар кандай айың кептерге алдырбайлы. Балдарыбыз жана улгайган кары адамдарыбыз үчүн кам көрөлү. Өзүбүздү, чөйрөбүздү оорудан сактап, дүрбөлөңгө түшпөйлү”, – деди төрага. 


Ошондой эле өкмөттү иш учурунда шалакылыкка жол бербөөгө чакырган төрага, түзүлгөн кырдаал боюнча бардык маалыматты убагында, ыкчам таратып турууга үндөдү.


Тышкы соода байланыштарыбыз токтотулбашы зарыл”, – деп кошумчалады төрага.


Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалымат угулуп, анын жыйынтыгында атайын токтом кабыл алынды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн