Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дастан Жумабеков жеңип чыккан Манас округунда нааразылык пайда болду

29.11.2021 13:44
2112
Дастан Жумабеков жеңип чыккан Манас округунда нааразылык пайда болду

Талас облусунда жайгашкан Манас шайлоо округунан талапкер Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Назарбеков шайлоо жапырт добуш сатып алуу, одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты.


"Бардык жерде жапырт добуш сатып алуу болду. Бардык далилдер бар. Экинчи себеп аймактык шайлоо комиссияларынан жыйынтыктар келбей жатат. Биздин байкоочулар кол менен саноого катышпай калган. Биз добуштарды кайра санап чыгуу талабын коебуз",- деди Назарбеков.


Ал эми аталган шайлоо округунан жеңишке жетишкен Дастан Жумабеков анын айыптоолорун четке кагып, элдин тандоосун сыйлоо керек деген ойдо.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
улан аскарбеков
туура кайра шайлоо откозуш керек же болбосо ачык айкын санап чыгышы керек бирок санап чыкычакты уже блютен кошуп койдуда тез арада кайра откозо салса билинет эле ким женет