Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Дастанбек Жумабеков Россия Мамдумасынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

13.05.2020 16:50
1081
Дастанбек Жумабеков Россия Мамдумасынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Тараптар коронавирус илдетинин дүйнөгө тарашынан улам түзүлгөн кырдаалга токтолуп, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин (ЖККУ ПА) жыйынын видеоконференция форматында июнь айында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


Жыйынды мындай форматта өткөрүү коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу чараларына байланыштуу сунушталууда.


Эскерте кетсек, буга чейин ЖККУ ПА кеңешинин отурумун май айында уюштуруу мерчемделген.


Сүйлөшүү учурунда төрага Дастанбек Жумабеков ушундай кыйын кырдаалда парламенттер аралык байланышты чыңдоо маанилүүлүгүн белгилеп: “Пандемия шартында мамлекеттер аралык кызматташтык, андан тышкары өз ара колдоо өтө керек”, – деди.


Өз кезегинде Вячеслав Володин уюмга мүчө мамлекеттердин бардык парламент төрагалары менен Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынын аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.  

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн