Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПА кеңешинин онлайн-конференциясына катышты

15.06.2020 17:46
1050
Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПА кеңешинин онлайн-конференциясына катышты


Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) кеңешинин онлайн-конференциясына катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

 

Ошондой эле жыйынга ассамблеяга мүчө Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын парламент жетекчилери, уюмга байкоочу макамына ээ Сербия, Афганистан мамлекеттеринин парламенттеринин депутаттары, ЖККУ жана ЖККУ ПА катчылыгынын өкүлдөрү катышты.    

 

Видеоконференцияда модераторлук милдетти Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин аркалады.


Баарлашууда негизги тема катары 2016-2020-жылдарга карата уюмга мүчө мамлекеттер арасында улуттук мыйзамдарды жакындатуу жана бири-бирине шайкеш келтирүү багытында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын программалык ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун жыйынтыгы жана аталган программанын 2021-2025-жылдарга карата долбоору талкууланды.


Онлайн-конференция учурунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алгылыктуу ишмердүүлүгүнө токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков: “Уюм өлкөлөрүбүздүн мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүүдө негизги ролду ойноп, бир катар моделдик мыйзамдар менен сунуштарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга өбөлгө түздү” – деди.


Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков ЖККУ Парламенттик ассамблеясы тарабынан иштелип чыккан документтердин көпчүлүгү социалдык мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүүгө, адам укугу менен эркиндигин коргоого, чек аралык, аскердик-техникалык кызматташтыкка жана коопсуздук маселелерине багытталгандыгын белгиледи.

 

Өз кезегинде Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин кесиптештеринин көңүлүн коронавирус илдетинин жайылышына каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө буруп, ушундай кыйын кырдаалдарга чара көрүү үчүн ЖККУнун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.     


Төрага Дастанбек Жумабеков видео-конференцияны уюштургандыгы үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, жакынкы аралыкта дүйнө эли коронавирус илдетинен кутулаарына үмүт артарын кошумчалады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн