Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дастанбек Жумабеков Жайыл райондук аймактык ооруканасына барды

27.07.2020 09:04
958
Дастанбек Жумабеков Жайыл райондук аймактык ооруканасына барды


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Балта шаарында жайгашкан Жайыл райондук бириктирилген аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Төрага иш сапарынын алкагында быйыл августта ачылышы мерчемделген жаңы реанимациялык бөлүмдүн имаратынын курулушу менен таанышты.

 

Белгилей кетсек, учурда колдонулуп жаткан реанимациялык бөлүм оорулууларды кабыл алууга, орундарды көбөйтүүгө жана медициналык жабдыктарды жайгаштырууга ыңгайсыздык жаратып келген.

 

Ал эми жаңы реанимациялык бөлүмдүн курулушу аяктаса санитардык гигиеналык талаптарды толук сактоого, реанимациялык керебеттердин санын көбөйтүүгө, жаңы медициналык жабдууларды жайгаштырууга, эң башкысы оорулууларды дарылоо ишин жакшыртууга шарт түзүлөт.

 

Жергиликтүү бийлик жетекчилерин учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дарылоо мекемесин тез арада ишке берүүгө чакырган төрага айрым керектүү маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.  

 

Медицина кызматкерлери менен да жолугушкан төрага коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү көрсөтүп жаткан күжүрмөн эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Ата-мекендик саламаттыкты сактоо тармагы реформаланарын кошумчалаган Дастанбек Жумабеков өкмөт медицина кызматкерлеринин ишин жакшыртуу багытында жигердүү иш алып барып жатканын, республика боюнча медициналык мекемелерди оңдоо жана куруу иши тынымсыз жүргүзүлөрүн маалымдады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн