Депутат Дастанбек Жумабеков борбор калаадагы тыгын маселесин чечүүнүн жолун тапты. Жогорку Кеңештин жыйынында ал бир нече долбоорлор бар экенин билдирди.
«Бизде үч көчө бар: Логвиненко, Панфилов жана Некрасов. Алар темир жолду кесип өтүшөт. Ал жерде шлагбаум түшкөндө унаалар 10-15 мүнөт тыгында турушат. Менимче, ал жерге көпүрө же темир жолдун астына туннель салууга убакыт келди», - деди эл өкүлү.
Ал белгилегендей, бул долбоорлор жакынкы аралыкта ишке ашса, Бишкек тыгындан арыла алат.
«Тыгындар көчөлөргө оорчулук жаратууда. Адамдар жумушка кечигип келишет. Бул долбоорлорду министрлер кабинетинин башчысына сунуштайлы», - деп кошумчалады Дастанбек Жумабеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн