Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын
Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу
ЖК басма сөз кызматынан билдирди.
Кесиптешинин илдеттен тезирээк сакайып, ден соолукта
болушун тилеген Дастанбек Жумабеков коронавирус - бул жалпы көйгөй экенин
белгилеп, ушул оор кырдаалда мамлекеттер аралык тыгыз кызматташтыкты, анын
ичинен парламенттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо зарылчылыгына токтолду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн