Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Даярдалган орундар бейтаптарга толбосун, - Ош мэри Сарыбашов (фото)

06.07.2020 18:18
1394
Даярдалган орундар бейтаптарга толбосун, - Ош мэри Сарыбашов (фото)



Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Даярдоо иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышты.

 

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, калаа башчысы ар кандай кырдаалга даяр болуш керектигин билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлдан баштап шаардын Т.Кулатов кичи районундагы “Газпром” спорткомплексинде 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат.

 

Ал эми пневмонияга жана коронавируска кабылгандардын саны көбөйсө, алар үчүн жогорку окуу жайдын жатаканасында 300 орун, жеке менчик “Андрос” медициналык борбору жана “Классик” мейманканасында 100дөн ашуун орун даярдалган. Sun rise” мейманканасына 50 орундуу обсервация даярдалды.

 

Шаар мэри “Каныкей” ресторанына да күндүзгү стационар уюштуруу тапшырмасын берип, жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди. Биз буга чейин эле алдын алуу максатында орундарды даярдаганбыз. Дагы кошумча 500дөн ашуун орундар даярдалууда. Жеке ишкерлер да жакындан жардам берип жатышат. Биз алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Даярдалган орундар бейтаптарга толбосун. Өкмөт, ишкерлер тараптан керектүү аппараттар да берилип жатат. Элибиз дарыгерлер койгон талаптарды угуп, аткаруусун суранат элем”, - деди шаар мэри.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн