Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы жаран бакка асынган абалда табылды

14.07.2021 15:06
958
Дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы жаран бакка асынган абалда табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Михаил Дё сейил бакта асынган абалда табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


12-июль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Жаш Гвардия бульварында белгисиз кишинин жансыз денеси табылганы айтылган.


Жерине Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери барганда ал бакка асынган абалда турган. Ал 1992-жылы туулган Михаил Дё экени белгилүү болгон. Денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн