Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган тилемчилик кылып жүргөн жеринен табылды

20.08.2020 10:22
936
Дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган тилемчилик кылып жүргөн жеринен табылды


Сузак районунун аймагында “Тилемчи” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну 1987-жылы төрөлгөн Н.М.нын арызы боюнча, 17-августтан бери үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 3 баласы көчөдө тилемчилик кылып жүргөн жеринен РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылып,  ата-энесине өткөрүлүп берилген.


Ошону менен катар бул үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык жактан коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлгөн.


Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул багытта алдын алуу жана түшүндүрүү иштери дагы да болсо үзгүлтүксүз жүргүзүлө берери кабарланат.

                                                   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн