Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дайынсыз жоголгон 57 жаштагы Орозалы Ахмедов изделүүдө

21.10.2020 09:33
425
Дайынсыз жоголгон 57 жаштагы Орозалы Ахмедов изделүүдө



Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну, 1963-жылы туулган Ахмедов Орозалы Абдыкахарович өзү жашаган үйүнөн 7-октябрда саат 20:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.


Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, учурда Ахмедов Орозалы Абдыкахаровичдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.


Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү кара тору, чачы кыска ак чач аралашкан, маңдайкы үстүңкү тиштери түшүп калган.


Кийген кийимдери: Көгүш түстөгү спорттук кийим, көгүш түстөгү джинсы шым, кара түстөгү кроссовки.


Милиция дайынсыз болуп жаткан Ахмедов Орозалы тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо  (03734) 5-05-44, 0772 10 10 49, 0551 75 00 91, 0709 42 65 28 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн