Дээрлик 2 сутка дайынсыз болуп жаткан "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров үйүнө эсен-аман кайтып келди. Бул тууралуу партиянын мүчөсү билдирди.
Анын айтымында, Мияров тоого кетип, телефону өчүп калган.
"Биздин лидер тоого кеткен экен. Ал жакта телефону өчүп, унаасы бузулуп калгандыктан дайынсыз болуптур. Жубайы анын кайда экенин билгенден кийин милицияга кайрылуудан баш тарткан",- деди партия мүчөсү Мамытов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн