Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дайырбек Орунбеков: “Төрага авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, билеттин баасы боюнча өтүнүчүн айтты”

21.01.2021 13:45
513
Дайырбек Орунбеков: “Төрага авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, билеттин баасы боюнча өтүнүчүн айтты”


Социалдык байланыш тармактарындагы жарандык активисттер авиабилеттердин баасынын кымбатташына нааразы пикирлерин жазып, “Манас” эл аралык аэрпортун күнөөлөп жатышкан. Бул боюнча, “Манас” эл аралык аэропортунун төрагасынынын кеӊешчиси Дайырбек Орунбеков авиакаттамдар жана авиабилеттердин баасы боюнча түшүндүрмө берди. 


“Социалдык байланыш тармактарында билеттин баасына болгон кымбаттоо үчүн, аэропортту жана жетекчиликти күнөөлөп жатышат. Каттамдарды жеке компаниялар ишке ашырып, билеттин баасын өздөрү коюшат. Биз баанын арзан болушуна кийлигишип же аралашууга мыйзамдык укуктар берилген эмес. Төрага Бакыт Сыдыков жеке авикомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, элдин койгон талабы боюнча өзүнүн өтүнүчүн айтты. Маалыматы жетишсиз же атайын маалыматтык манипуляция кылган адамдар - элдин нааразычылыгын аэропорттун дарегине буруп, күнөөлөп жатканы туура эмес. Аэропорттун милдети каттамдарды тейлөө жана уюштуруу менен гана чектелет” - дейт Дайырбек Орунбеков.


Ал эми Россияга кетип жаткан жүргүнчүлөргө дагы мындай өтүнүчүн кошумчалады. 


“Пандемияга байланыштуу Россия 2020-жылдын башынан тартып өзүнүн аймагына кирүүнү чектеп, чек-арасын жапкан. 21-сентябрдан  баштап жумасына 1 жолу  жума күнү түз каттам ачылды. Бул күнү биздин жарандар коронавируска байланыштуу ПЦР тест тапшырып, эч кандай негиздеме жок эле учуп кетсе болот. Мындан башка күндөрү атайын чартердик рейсттер уюшулуп, Россия тарап талап кылган негиздеме боюнча учса болот. 


Негиздемелер: 


Россиянын аймагында туруктуу жашагандар, ден-соолугуна байланыштуу дарылануу муктаждыгы жаралса, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири Россияда жашаса, Россиянын аймагындагы кароого муктаж тууганы болсо, тууганчылык байланышы бар адамдарынан каза болгон учурда, мамлекеттик программанын негизинде көчүп кеткендер, Россиянын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн чакыруулары негиздеме болуп эсептелет. Негиздемеси бар адамдар учуп кетүүдө мөөнөтү 72 сааттан ашык болбогон ПЦР тесттин лабораториянын жыйынтыгы болуш керек. Айрым учурда, жүргүнчүлөр тааныш врачынан COVID-19 илдети жок деген жасалма маалымкат алып келген учурлары дагы катталып жатат”, –дейт Орунбеков.


Орунбеков жарандардын суроо талаптарын жана түйшүгүн жеӊилдетүү үчүн социалдык байланыш тармактары аркылуу дагы түз байланышка чыгып, эл менен баарлашып туруу зарылчылыгы бар экенине токтолду. 


“Мындан ары зарыл болгон учурда түз байланышка чыгып, жарандарыбыз менен байланышып турабыз. Түшүнбөстүктөр жана нааразычылыктар болбошу үчүн болгон аракетибизди көрөбүз” - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн