Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз

11.05.2023 21:49
317
Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз

Интернетте Жетим-Тоого байланыштуу туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.


Анын айтымына караганда, соцтармактар аркылуу “Бийлик Кытайга болгон карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур” деген чындыкка дал келбеген, элди козутууга максатталган чагымчыл чакырыктар жарыяланууда.


"Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат", – деди ал.


Орунбеков жалган маалыматтар менен элди козутуп, атайы чагымчыл жасоо аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн