Дээрлик төрт ай ичинде суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 10,4 тоннадан ашык таштанды чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, учурда Чолпон-Ата шаарындагы жана Кара-Ой айылындагы көлдү тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин «Ак-Бермет», «Рахат», «Алтын-Көл», «Эллинг», «Евразия» пансионаттарынын, ден соолукту чыңдоочу жайдын жана Мөлтүр пристанын бойлой түбү тазаланган.
Суучулдар 115 кундун ичинде 215 мин гектар жерди тазалашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн