Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Декабрга чейин 10 мектепте «Келечектин мектеби» модели ишке кирет, - өкмөт башчы

25.08.2020 16:52
1012
Декабрга чейин 10 мектепте «Келечектин мектеби» модели ишке кирет, - өкмөт башчы


Ушул жылдын 1-декабрына чейин 10 мектепте «Келечектин мектеби» модели ишке кирет. Бул туралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 25-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, мектептерди компьютер менен камсыз кылуу иштери улантылууда.


"Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, республика боюнча 1200 мектепти компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылган", - деди ал. 


Анын айтымында, мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо багытындагы иштер улантылып жатат. 


"Өлкө боюнча 2292 мектептин 99%ы интернетке туташтырылган. 14-августта өкмөттүн жыйында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон 9 мектепти интернетке кошуу боюнча иштер аткарылууда. 


"Санарип Кыргызстан" программасынын «Акылдуу мектеп» компонентинин алкагында электрондук күндөлүк, электрондук китепкана, электрондук мугалим, электрондук окутуу багытында иштер жүрүүдө. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 10 мектептин химия, биология, физика кабинеттерин заманбап лабораториялык (электрондук) жабдуулар менен камтуу боюнча иштери башталды", - деди өмөт башчы. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн