Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Декларацияланбаган товарлар аныкталды

13.04.2021 15:10
742
Декларацияланбаган товарлар аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган товарларды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирет.


Билдирүүдө айтылгандай, “Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Аламүдүн” темир жол станциясынын аймагында Түштүк Кореядан М.Б.А., аттуу жарандын дарегине келген товарларга карата бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө бажыдан декларацияланбаган товарлар аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын ала суммасы 300 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн