Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Делегат: Быйыл Баткендеги үйлөр курулуп бүтпөйт окшойт

26.11.2022 12:10
404
Делегат: Быйыл Баткендеги үйлөр курулуп бүтпөйт окшойт

Бүгүн, 26-ноябрда Биринчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө Баткен шаарынан келген делегат Кайым Айкынов кыргыз-тажик чек арасында кыйраган үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканына токтолду.


“Баткенге эң биринчи кезекте коопсуздук керек. Коопсуздук – бул чек ара жана ага шарт түзүп берүү. Быйылкы жаңжалда 360тан ашык үй күйүп кетти. Ал үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Убагында кышкы чейин үйлөр бүтүп, жергиликтүүлөр үйүнө кирери айтылган. Бүгүнкү күндө үйдүн ээлери, куруучулары менен байланышсам, быйыл бүтчүдөй эмес. Бүтпөйт окшойт. Буга бирөө жооп береби. Ушуну жеке көзөмөлгө албасаңыз болбойт”, - деди ал.


Айкынов Баткенге бөлүнгөн 500 млн сомдун бир тыйыны дагы бериле электигин кошумчалады.


Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн