Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

АКШда афроамерикалык киши полициянын колунан өлүм тапкандан кийин эл көчөгө чыкты (видео)

29.05.2020 12:45
1114
АКШда афроамерикалык киши полициянын колунан өлүм тапкандан кийин эл көчөгө чыкты (видео)


АКШнын Миннеаполис аймагында афроамерикалык Жорж Флойд полиция тарабынан мыкаачылык менен кармалгандан соң каза болуп, ага карата уюштурулган нааразычылык акциясы баш аламандыкка айланып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Миннеаполисте нааразычылык акциясына чыккандар унааларды өрттөп, дүкөндөрдү талкалашууда. Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин мекемеси талкаланган.


Ал эми аймактын губернатору Миннесот Тим Уолц коопсуздук чараларын көрүү үчүн Улуттук гвардияны тартуу буйругун чыгарган.


Элдер нааразылык акциясына Жорж Флойд аттуу жаранды кармоо учурундагы видео таркагандан кийин чыккан. Видеодо полиция кызматкерлеринин бири Флойдун мойнун тизеси менен дем жеткирбей басып алган. Кармалган адам бир нече жолу дем ала албай жатканын айтканы менен полиция кызматкери өтүнүчүн четке кагып, бутун албай койгон. Кийинчерек Флой жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Аны кармаган полиция кызматкерлери жумушунан четтетилген. Ал эми 27-майдан тарта элдер нааразычылык акциясына чыгышууда.








Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн