Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Дем алыш күндөрү Россиядан 1287 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди

24.08.2020 10:20
865
Дем алыш күндөрү Россиядан 1287 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди


Кыргызстанга дем алыш күндөрү Россия Федерациясынын аймагынан жалпы 1287 кыргызстандык жаран кайтып келди. 


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 23-августта Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 393 кыргызстандык жаран учуп келген. Алардын арасында 24 жаш бала бар. 


Ошондой эле, 22-августта Ош шаарына «Авиа Траффик Компани» компаниясы уюштурган чартердик каттам менен Россиядан дагы 152 жаран кайтып келди. Бул каттам Сибирь Федералдык округунун башка региондорунан, Владивостоктон, Якутсктан, Түштүк Сахалинсктен, Хабаровсктон, Иркутсктан, Петропавловск-Камчатка жана Красноярсктан кыргызстандык жарандар келди. 


Мындан тышкары, «Манас» эл аралык аэропортуна 22-августта Москвадан Кыргызстандын 166 жараны учуп келген.  Ал эми 23-августта, Кыргызстанга «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 236 кыргызстандык жаран учуп келген. Алардын арасында 18 кичинекей бала да бар. 


22-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Новосибирск – Ош» багыты боюнча Россиядан 152 кыргызстандык жаран кайтып келди. Ушул эле күнү Санкт–Петербург–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 166 кыргызсатндык жаран Бишкекке учуп келген. 


Ошондой эле, 22-августта Кыргызстанга «Сибирь» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 174 жараны учуп келген. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн