Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дем алуу көнүгүүлөрү сатурацияны көтөрөбү? Медиктин жообу

24.07.2020 11:02
1197
Дем алуу көнүгүүлөрү сатурацияны көтөрөбү? Медиктин жообу


Бишкек шаарындагы медициналык борбордун хирургу, Кыргыз-Россия славян университетинин травматология жана ортопедия кафедрасынын доценти Алмаз Бегалиев дем алуу көнүгүүлөрү эмнеси менен пайдалуу экенин айтып берди. 


Анын айтымында, пневмония аныкталган жарандарга дарыгерлер дем алуу көнүгүүлөрүн сөзсүз жасоо керектигин айтып келишет. 


"Биринчиден, мындай көнүгүү организмдеги кан айлануу системасын жакшыртат, анткени коронавирус же пневмония учурунда бир гана өпкөлөр жабыркабайт. Аны менен бирге боор, бөйрөк жана башка органдар дагы жабыркайт. Ошондуктан кан айлантууну жакшыртуу менен организмди кычкылтек менен камсыздайбыз", - деди ал. 


Медиктин айтымында, буга байланыштуу адамга дем алуу көнүгүүлөрү абдан керек. 


"Мындай көнүгүүлөрдү жасаган бейтаптар гимнастикадан кийин кычкылтек концентратору жок эле сатурациясы 5-10%га көтөрүлгөнүн айтып жатышат. Бул абдан чоң көрсөткүч, ошондуктан бейтаптарга дем алуу көнүгүүлөрүн жасоону сунуштайм", - деди Алмаз Бегалиев. 


Сатурация (каныктыруу) – суюктукту газдар менен каныктыруу дегенди түшүндүрөт. Коронавирус адамдын дем алуу системасына киргенде  кандагы газ алмашуу жана кандагы көмүр кычкыл газынын жана кычкылтектин балансы бузула баштайт. Мындай абалдын пайда болуу коркунучун алгачкы этаптарда аныктоого – пульсоксиметр мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн