Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Демократия жана эркиндик чексиз болушу керекпи?

09.03.2020 17:39
1686
Демократия жана эркиндик чексиз болушу керекпи?

Шайлоолорго катышуу жана добуш берүү эркиндиги, саясий атаандаштык жана бийликтин өз мөөнөтү менен алмашуусу, ишкерлик жана жеке менчик эркиндиги, тынчтык жыйындарын өткөрүү жана жарандардын жарандык жана саясий укуктары – бул демократиялык мамлекеттердин алмаштыргыс демократиялык балуулактары болуп саналат. 



Бирок, биздин эгемендүү Кыргызстандын отуз жылдык тарыхында мына ушул айтылган демократиялык балуулуктарды өз деңгээлинде пайдалануу, түшүнүү болуп жатабы? Тилекке каршы, биз демократияны жана эркиндикти толук кандуу түшүнүп, аны туура негизде пайдалануу үчүн дагы да убакыт керектелип жаткан сыяктуу. Өлкө башынан өткөн эки жолку революция да бизге демократияны жана эркиндикти толук кандуу түшүндүрүп бере алган жок. 


Биз адегенде демократия деген өзү эмне экенин аңдап түшүнүп албайлыбы? Ал тынымсыз өтө турган митингдер, шайлоо кампаниялары, маалымат каражаттарынын эркиндиги, жарандардын укугу жана эркиндиги сыяктуу тышкы белгилеринен гана турабы? Биз азырынча дал ушул белгилерге гана басым жасап келатабыз. Демократиянын ички укуктук жөнгө салуу механизмдери бар экенин көңүл сыртында калтырдык. 


Демократия дегенди сөзмө сөз которгондо – бул эл бийлиги деп аталат. Ал эми Охлократия деген – бул бир топтун бийлиги дегенди түшүндүрөт. Эми биздин өлкөдө демократия болуп жатабы же охлократиябы айырмалап көрүңүзчү? Элдин үнүн уккула деп бизде түрдүү митингдер өтүп келет. Алардын көпчүлүгү же кайсы бир камактагы саясатчынын боштондугун талап кылат же кайсы бир саясий күчтүн амбициясын билдирет. Ошондо алар жалпы элдик талапты коюп жатабы? Бул суроого жоопту өзүңүз издеп көрүңүз. 


Ал эми биз андан ары оюбузду улайлы. Демократиялык бийликтин өзүнүн процедуралары, жүрүм-турум эрежелери, укуктук нормалары бар. Эгерде кандайдыр бир митинг өтсө, анда аны өткөрүүнүн бардык эрежелери сакталышы зарыл. Эгерде шайлоо болсо, анда шайлоо мыйзамы иштеши кажет. Эгерде эркин пресса болсо, анда анын укугун кепилдеген жана анын бузулган чагындагы жоопкерчилигин бекиткен басма сөз тууралуу мыйзам болушу шарт. 


Ал эми охлократияда мунун баары бир гана нерсеге биригет – эч кандай бийликти да, мыйзамды тааныбаган чуулдаган топко. Белгиленген жерде кандайдыр бир акция же митинг уюштурулса, анан анын аягында бири-биринин сөзүн укпай, ызы-чуу, башаламандыкка айланса, мына ушунун өзү охлократия. Кыргыз коомчулугу мындай көрүнүштөрдү 2005-жылдын мартында, 2010-жылдын апрель-майында, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын 2-мартында башынан өткөрдү. 


2010-жылданы апрель революциясынан кийин өлкөбүздө укуктук тартип өтө акырындык менен калыбына келүүдө. Бирок, түрдүү саясий оюндар, бийлик кумары дагы деле өлкөбүздө укуктук тартиптин толук кандуу орношуна жол бербей келет. Эмне үчүн, эмне жетишпейт жатат? 


Биринчиден, биз талаш маселелер жаралган учурда юридикалык процедураларды пайдаланууну али толук өздөштүрө элекпиз. Андан көрө тууган-уруктарды, жек-жаатты чогулта калып, митингдин, топтолгон адамдардын жардамы менен бийлик органдарына жана сотторго басым жасоо аркылуу маселе чечүүнүн жолун ыңгайлуу деп таап алганбыз. 


Экинчиден, коомубузда жогорку саясий жана укуктук маданият калыптана элек. Укуктук нигилизм басып турат. 


Үчүнчүдөн, мамлекеттик бийлик органдарында укуктук мамлекетти курууда бекемдик жана ырааттуулук жок болууда. Бардык мыйзамдар кынтыксыз аткарылышы керек экендигине басым жасалбай келет. Көз жумду мамиле бар. 


Коомдогу охлократиялык көрүнүштөргө укук коргоо органдары да тиешелүү деңгээлде чара көрбөй келишет. Себеби эмнеде? Себеби тээ 2002-жылдагы Аксы окуясы жана 2010-жылдагы апрель революциясынын «синдрому». Өз милдеттерин аткаруу менен бирге эле кайра соттолуучулардын скамейкасына отуруп калуудан чоочулашат. Демек, күч органдары өздөрүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын, милдеттерин так аткаруудан чоочулап турушса, анда эмне болот? Анын натыйжасында кылмыштуулук да көбөйүп, уюшкан кылмыштуу топтордун баш көтөрүүлөрү байкалууда. Коррупция менен бир тарабынан күрөш жүрүп жатса, экинчи тарабынан баш көтөргөндөр көбөйүп турат. Калктын социалдык жана укуктук жактан камсыздалышы да да ойдогудай эмес. Жыйынтыгында – бийликтинтин калк ичиндеги кадыр-баркы көз көрүнөө төмөндөп баратканы байкалып турат.  


Демек, эмне кылуу керек? Мындан ары деле охлократияны демократия деп түшүнүп алып жашоону уланта беришибиз керекпи? Кайра-кайра митинг уюштуруп, кайра-кайра бийликти күч менен алмаштырып, ураа-ураалап Ак үйгө чабуул жасап, мародерлук кылып, анан кайра бир аз тынчымыш болуп, анан кайра эле өнөкөт оорубузду карматып жүрө берүүнүн чеги эмнеге алып барат? 


Балким, эркиндик, демократия дегендин жоопкерчилиги бар экенин аңдап түшүү убактысы келгендир. 1000-2000-5000 адам топтоп көчөгө кыйкырып чыгып, Ак үйдү басып алгандан кийин эле жети облустун администрациялары өздөрү эле бошоп кала турганын адатка айландырып жашай берсек, анда мамлекеттүүлүгүбүз дагы канча жолку мындай көрүнүшкө чыдайт? Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин өзүбүз «Эл мененсиңби же бирди көрөсүңбү? Эртең бийлик алмашып кетсе соттолуп кетериңди билесиңби?» деген суроолор менен жарга такап жатып, коркок кылып алдык. Анан алар өздөрүнүн мамлекетти, мамлекеттүүлүктү, коомдук тартипти, мыйзамды сактоо боюнча берген анттарын кантип аткарышат? 


Ошол эле АКШнын өзүнүн ар бир штатынын өздөрүнө тиешелүү мыйзамдары бар. Ал жакта деле митингдер өтөт. Бирок, тиешелүү уруксат кагазды бир эмес, бир нече бийлик структураларынан алышат. Айрым Штаттарында 15 күн мурда уруксат алыш керек болот. Эгерде белгиленген мөөнөттө митинг аяктабаса, же тынчтык митинги өз тартибинде болбой жатса, же кайсы бир уруксат кагазы жок болсо, анда полиция ал митингди таркатып жибергенге толук укугу бар. Көздөн жаш агызуучу атайын каражаттарды, суу чачуу, дубинкаларды колдонууга болот. Айрым убакта полициянын өзүнүн баамы мене нок атуучу курал да пайдаланууга уруксат берилет. Ушул эле сыяктуу мыйзамдар Францияда, Германияда, Улуу Британияда иштейт. Бул мамлекеттерде тынчтык митингинде эмнелер айтылары да алдын-ала уруксат берүүчү органдарга айтылат. Уюштуруучулар митингдин тынчтык жолу менен өтө турганына толук кепилдик берет, болбосо жоопкерчилик тартат. Бул тартиптер 100% аткарылат. 


А бизде кандай? Бизде жогоруда айткандай охлократия. Албетте, «керкисинде да, кемтигинде да бар» демекчи, мындай көрүнүштөрдүн кайталанып жатышына бийликтин да күнөөсү бар. Тиешелүү деңгээлде эл менен тыгыз мамиледе болбой келет. Ошол жеке саясатчынын же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгында өтө турган митингдер тууралуу элге түшүнүктүү маалыматтарды жеткирип, элдин социалдык маселелерин өз убагында чечип, учкундун жалынган айланып кетүүсүнүн алдын алуусу шарт. Ал эми карапайым калк жеке саясатчынын кызыкчылыгындагы митинг эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөй турганын баамдап, кимдир-бирөөлөрдүн куралы болуп калуудан алыс болуулары керек.


Эсенбек Касенов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн