- Бизде ден соолукка кам көрүү, бакубат жашоо мүмкүнчүлүктөрү жетишпей келсе, анын себептерин кандайча чечмелейт элеңиз?
Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:
- Ден соолукка кам көрүүнүн башаты – таза тамак-аш, тамак-аш маданияты. Тилекке каршы, бүгүн таза, адал тамак-аш көптөр үчүн кол жеткис болуп калды. Анын себептери абдан көп жана терең. Мисалы, тамак-аш коопсуздугу боюнча тийешелүү мекемелер, кайсы бир тараптар негедир үн катпай эле отурушат. Ал эми бакубат жашоонун бутту-колду чырмаган чынжырдай болгон тоскоолдук башаты жогору жактагылардын 30 жылдан бери келе жаткан саясый, экономикалык, социалдык түшүнүксүз, "жең ичиндеги" системасы.
Замир Казакбаев, журналист:
- Тиричиликти “быт” деп коёт эмеспизби. Ден соолукту деле, алдын алганды билсек оорубайбыз. Ар бир адам алдына койгон максатынын көлөмү, салмагына жараша өмүр сүрөт экен. Тилекке каршы, бизде азыр ушундай заман болуп турат, майдаланып кеттик. Демек, максаттарыбыз дагы майда. Изденгибиз келбейт, жатып эле акча тапканга кызыгабыз. Алдыга чон-чоң максаттарды ким коёт? Албетте, билимдүү, илимдүү гана адам коё алат. Биз бул дүйнөнү чанып турган учурда кайдагы бакубат жашоо? Бакубат жашоону башка дүйнөдөн издеп атпайбызбы карайлап...
Махабат Саидрахманова, жазуучу:
- Мунун себебин адамдардын убакытты туура пайдалана албаганынан улам деп ойлойм. Убакыт тапса, ден соолукка кам көрүүгө болот. Бакубат жашоого болсо каражат жетишсиздигинен улам жетишпей жатышса керек. Бирок каражатты табуу деле убакытты туура пайдалануудан көз каранды. Кыскасы, убакытты туура пайдалануу зарыл.
Рысгүл Изатова, акын:
- Бизде ден соолукка кам көрүү, бакубат жашоо мүмкүнчүлүктөрү жетишпей келсе, анын себептерин кандайча чечмелейт элек? Мунун себеби жалкоолукта гана деп ойлойм. Анткени, күнүгө кыймыл-аракет болуп, жөө басып, үй көнүгүүлөрүн жасасак болмок. Бирок көпчүлүгүбүз, тилекке каршы, ошол нерсени кылбайбыз. Анан дагы витаминдүү тамактарды жебестен, ден соолукка көп залал келтирип алабыз.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн