Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ден соолукка пайдалуу кеңештер

18.03.2024 10:22
235
Ден соолукка пайдалуу кеңештер


1. Ашыкча салмак ден соолуктун биринчи душманы. Андыктан адегенде ашыкча салмактан арылуу керек. Ал үчүн спорт менен машыгып, көп кыймылда болуп, ашыкча тамактануудан алыс болуш керек. Эӊ башкысы, уктар алдында тамак ичпеш керек. Тамакты жатаардан 2-3 саат мурда ичүү туура болот.


2. Тамак-аштан каражат үнөмдөө туура эмес. Толук кандуу тамактанууга, экологиялык таза азыктарды сатып алууга көп каражат сарпталат. Азыктарды сатып алууда алардын бааларына эмес, сапаттуулугуна маани берүү керек. Туура жана толук кандуу тамактануу ден соолуктун чыӊ болушуна зор салым кошот. Күнүмдүк тамак-ашка жашылча-жемиштер, дан азыктары, эт жана балык эти колдонулушу шарт.


3. Ден соолуктун дагы бир азыгы – тынч уйку. Сегиз сааттан кем эмес уктаган адамдарда картаюу процесси жай жүрөрүн окумуштуулар далилдешкен. Сегиз саат уктайт десе түнкү бирден эртеӊ менен онго чейин уктоо эмес. Уктоо режими түнкү 10дон эртеӊ мененки 7ге чейин болушу керек. Ушул убакта уктаганда гана организм эс алып, адамдын чарчоосу жоголот.


4. Тамеки чегүү эрте картаюунун ачкычы. Жаштыгымды сактайм дегендер, аял-эркегине карабай тамеки чегүүдөн алыс болушу керек. Тамеки ички органдарды гана талкалабастан, адамдын терисине да терс таасир этип, териге бырыштардын бат түшүүсүнө себепкер болот. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн