Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Атазов Түркиядан үн катты

01.03.2024 10:49
247
Ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Атазов Түркиядан үн катты


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын соцтармактагы баракчасына жазды.


Депутат өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деген атайын буюртма менен жазгандардын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтып, жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан төрт күндөн бери телефон колдонбой, чалууларга жооп бере албай калганын айткан.


"Дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде келгем. Андан кийин кесиптешим Айбек Осмонов үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Буюрса, аз күндө дарылануу курсум аяктаса барып калам", — деп жазган ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн