Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ден соолукту чыңдоо фондунун каражаттарын эми Президенттин иш башкармалыгы көзөмөлдөйт

06.01.2024 20:25
281
Ден соолукту чыңдоо фондунун каражаттарын эми Президенттин иш башкармалыгы көзөмөлдөйт


Министрлер кабинети Социалдык фондго Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырды. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтына жарыяланган.


Документке ылайык, буга чейин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чогулган каражатты Профсоюздар федерациясы бөлүштүрсө, эми бул ишти Президенттин иш башкармалыгы аткарып калат.


Эске алсак, Садыр Жапаров ноябрда 2028-жылга чейин Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийге жөнөтүүгө жолдомо берүүгө мораторий киргизген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн