Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Денемди, жатынымы, көөдөнүмдү тазалап Манасты төрөйм”

27.04.2020 13:23
1485
“Денемди, жатынымы, көөдөнүмдү тазалап Манасты төрөйм”


Өзүңдөн тап Манасты, өзүңдөн изде Курманжан Датканы, өзүңдөн аңтарып тап Чыңгыз Айтматовду. Өлгүчө эмгектенип, окуп, изден. Үлгүлүү бол. Жомоктордогу каарман сенин ата-бабаң, демек аларга окшоп жакшы болуу сенин колуңан келет.


Эми мындайлар жаралбайт деп кара өзгөйлөнүп, кара ниеттенип, көрө албай, өзүңдүн тамырыңа өзүң балта чаппа.


Менин үйүмдө Курманжан Датка да, Манас да, Чыңгыз Айтматов да, Аблайхан да, Кожомкул баатыр да, Таттыбүбү да бар.


Жок болсо тапкыча издейм, тарбиялайм, ичимди, денемди, жатынымы, көөдөнүмдү тазалап төрөйм. Мендей эле энелер төрөгөн, бүткүл дүйнөдөгү генийлерди. Бала-чакамдан төрөлүшүн күтөм. Ким каршы, ким тоскоол болот? Албетте өзүм каршы, өзүм тоскоол болушум мүмкүн, эрк жетпей, билим жетпей, акыл эс жетпей, кең пейил жетпей, терең эрктүү тарбия жетпей.


Башкаларга чын жүрөктөн бары бир эмеспи.

 

Падишахан Султаналиева

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ибраим
Чыныгы Падишахансың!!! Бали!