Жалган курандын 04, 2024
Убакыт: 08:13
USD
89.30
89.72
EUR
96.60
97.60
RUB
0.965
0.990

Денис Петрашов менен Елизавета Печерских Катардагы дүйнө чемпионатына катышат

26.01.2024 09:04
849
Денис Петрашов менен Елизавета Печерских Катардагы дүйнө чемпионатына катышат


Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Ага ылайык, 2-18-февраль күндөрү Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Денис Петрашов менен Елизавета Печерских катышмакчы. Команданы башкы машыктыруучу Евгений Петрашов жетектеп барары айтылды. Мелдештин жүрүшүндө жалпы медалдын 76 комплекти ойнотулат.


Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу, 2020-жылы Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан. 2023-жылдын декабрында АКШдагы ачык чемпионатта алтын медаль алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн