Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:58
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

31.05.2021 10:40
1388
Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык "Марк Нострум" (Монако тилкеси) мелдешинде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги билдирди.


Спортчу 100 метрди брасс ыкмасы менен бир мүнөт, 1,96 секундда сүзүп өттү. Мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако) болгон.


Белгилей кетсек, Петрашов 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундада багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Ал кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн