Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Денвердин соту полициянын атайын каражаттарды колдонуусуна тыюу салды

06.06.2020 18:03
845
Денвердин соту полициянын атайын каражаттарды колдонуусуна тыюу салды


Колорадо штатынын (АКШ) федералдык округдук соту Денвер шаарында нааразылык акциялардын катышуучуларына карата полициянын атайын каражаттарды колдонуусуна тыюу салды.


Соттун чечиминде даражасы капитандан төмөн болбогон полициялык топтун жетекчиси атайын уруксат бергенде гана полиция кызматкерлери зомбулук же мүлктү бүлдүрүү аракеттери орун алып жаткан учурда көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок сыяктуу атайын каражаттарды колдоно алат, деп айтылат.


Соттун пикиринде, жарандар полиция зомбулук кылат деп тынчтык акцияларына катышуудан коркпоолору керек, алар мамлекеттик кызматкерлерге, алардын ичинде полицияга да каршы демонстрацияларга чыгууга укуктуу.


Буга чейин кара түстүү Жорж Флойддун өмүрү кыйылган каргашалуу окуяга байланыштуу өлкөнүн көптөгөн аймагын кучагына алган нааразылык акциялардан кийин Миннеаполис шаардык кеңеши да полиция кызматкерлерине муунтуучу ыкмаларды жана каражаттарды колдонууга тыюу салгандыгын CNN маалымдады. Бул чечимди эми сот өз токтому менен бекемдөөсү керек.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн