Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутат - К.Бороновго: "Тойлорго катышпай, иштеп бериңиз"

17.06.2020 10:45
1248
Депутат - К.Бороновго: "Тойлорго катышпай, иштеп бериңиз"


Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамын карап жатат. Депутат Дастан Бекешов эл аралык авиа каттамдар качан ачылат? деген суроону премьер-министрдин милдетин аткаруучу К.Бороновго узатты. 


"Чет мамлекеттерден биздин жарандарды алып келүү боюнча буга чейин 52 чартердик каттам жасалды. Мындан кийин дагы улантылат. Мурункуга караганда тез-тез келе баштады. Эми дагы келет. Коронавируска чалдыккан адамдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу бул маселе курч бойдон турат, ошондуктан эл аралык аваи каттамдарды ачууда анын алгоритмин иштеп чыгуу керек", - деди К.Боронов. 


Ошондой эле Дастан Бекешов бажы кызматынын мурдагы өкүлү Эмилбек Кимсановдун СИЗОдо сабалганы боюнча видео тараганын, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, бул маселеге көңүл бурууну өтүндү. 


Мындан тышкары, депутат: "Премьер-министрлик кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ошондуктан мурункудай тойлорго катышпай, иштеп берсеңиз. Тойлорго катышып, самсы жеди деген сөздөрдү биз дагы укпайлы", - деди К.Бороновго кайрылып. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн