Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Депутат: Донорлордон келүүчү 456 млн доллардын канчасы кредит, канчасы грант?

13.05.2020 10:42
1065
Депутат:  Донорлордон келүүчү 456 млн доллардын канчасы кредит, канчасы грант?


Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов өлкөгө келип жаткан донорлук каражаттардын канчасы грант, канчасы насыя экенине кызыкты.  


"Донорлордон келүүчү 456 млн доллар суммасындагы жардамдардын алкагында 120 млн доллар Эл аралык валюта фондунан келип түштү, калган 330 млн боюнча такталууда. Бул 456 млн доллардын канчасы насыя, канчасы грант түрүндө?” - деп суроо салды Зиядин Жамалдинов.


Ага каржы министри Бактыгүл Жеенбаева жооп берип, көпчүлүк бөлүгү кредит экенин билдирди.  


 "Эл аралык валюта фондунан келген 240 млн доллар насыя түрүндө, Азия өнүктүрүү банкынан алынган 50 млн доллардын 50 пайызы насыя, 50 пайызы грант. Евросоюздан алынган алынган 15 млн доллар бүт грант, Евразия өнүктүрүү фондунан алынган 100 млн доллардын баары насыя. Негизинен алынган акчалардын көпчүлүгү насыя", -  деди каржы министри. 


"Мен насыялардын так санын сурагам, билбейсизби? Гранттар кайсы багытта иштетилип жатат. Негизи ушундай учурда бюджетти колдоого колдонулса жакшы болмок", - деп кошумчалады  депутат.  


Ага каржы министри аталган каражаттар мына ушундай максатта колдонуларын, бирок негизги бөлүгү экономиканы колдоо максатында жеткиликтүү пайыз менен кредит катары берилерин айтты.  


"Бул 456 млн доллар - 36 млрд сом болот. Ал эми сиз 32 млрд 266 млн сом бюджет жоготууга учурайт деп жатасыз.   Демек биз алынган кредиттердин баарын жоготобузбу", - деди депутат.  


Ага вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жооп берип, алынып жаткан каражаттардын кайсы бир бөлүгү антикризисттик аракеттерге бөлүнөрүн айтты.  


Ал эми министр Бактыгүл Жеенбаева жалпы 5 млрд сомдон ашык акча бизнести колдоо үчүн кредит катары берилерин билдирди. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн