Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Депутат 17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн алтын концентраты Кытайга чыгып кеткенин айтып чыкты

22.09.2021 16:30
968
Депутат 17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн алтын концентраты Кытайга чыгып кеткенин айтып чыкты

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев  17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентраты Кытайга чыгып кеткенин айтты.


"Эркеч-Тамда" токтотулуп турду эле. Кечээ, 21-сентябрда лицензиясын жаңылады деп “Эркеч-Там” эмес “Достук” бажы өткөрмө пункту аркылуу кытайлар чыгарып кетиптир. Министрлердин, бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Кечээ эле мыйзам бузуу боюнча каралды эле. Буга кимдер күнөөлүү? Азыркы Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы “Мен билбей калыптырмын. Балдар чыгарып жибериптир. “Достуктан” чыгарып поездге жүктөп кетишиптир” деп айтты. Мындай боло берсе мамлекеттин оңолушу кыйын болот. Ушул маселени карап чыгуу керек. Мунун үстүндө дагы чоң акча жүрүп жатат”, - деди Аккулу Бердиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн