Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат Абтандил Кулбараков дарыгерлер үчүн 85 орундуу обсервация ачты (фото)

18.07.2020 09:31
3281
Депутат Абтандил Кулбараков дарыгерлер үчүн 85 орундуу обсервация ачты (фото)


VI чакырылыштын депутаты  Абтандил Кулбараков дарыгерлер үчүн 85 орундук  обсервация ачып берди. Бул тууралуу депутат өзү билдирди.


Анын айтымында, дарыгерлер ушундай атайын жайлардын жоктугунан, кезек мөөнөтүнөн кийин бош орун болуп калган обсервацияларда карантинден өтүүгө туура келип жаткандыктан, ал алар үчүн  обсервация ачып берүүнү чечкен.


"Дарыгерлер кезек мөөнөтү бүткөндөн кийин, обсервацияда 14  күн жатышы керек. Мындай атайын жайлардын жоктугунан, алар үчүн атайын обсервация ачып берүүнү чечтим”,  - деп билдирди депутат.


Ал  85 орундук обссервацияны адегенде оорулулар үчүн ачууну ойлонгонун белгилеп кетти.  "Чындыгында  обсервацияны жарандар үчүн ачууну пландаштырганбыз. Бирок азыр көптөгөн врачтар өздөрү ооруп, аларды караган деле  жан жок. Эгерде алар ооруп кала турган болсо, элди ким дарылайт? Ошондуктан Юракадемиянын башчысы, медицина илимдеринин алдыңкы профессорлорунун бири   жана дагы иштин көзүн билген бир катар адамдар менен сүйлөшүп, биздин врачтар үчүн обсервация ачып берүү чечимине келдик”, - дейт ал.


Мындан тышкары, А.Кулбараков обсервациянын имаратында медиктер үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн айтты. “Биринчи кабатта анча чоң эмес комнаталар жана бир чоң комната, ал эми 2 кабаттан 4-кабатка чейин өзүнчө ажатканасы, жуунучу жайы менен жарым люкс палаталар бар”, -  дейт эл өкүлү.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Кожогелдиева Махаббат Жоодатбековна
Автандил байке ишинизге ийгилик туура кылыптырсыз Аллах ыразы болсун
Нурлан
эң туура байкуш врачтар каралбай калган аларды көлгө пасионатка ж иберсе дагы аздык кылат
Кудашова Кынара
Аман болунуз Автандил Юлдузович.Сизге ден соолук узун омур.Ар дайым бар болунуз.Элдин батаасы тийсин.Уй булоонуз менен бала бакраныз мн аман болунуз