Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын экинчи ирет тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.
“Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда - жумуш көп. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз", - дейт Касымалиева.
Белгилей кетсек, вице-спикер Аида Касымалиева 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келгенден кийин 14 күнгө үй карантинге алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн