Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин токтоосуз отставкасын талап кылды. Бул тууралуу "Вести.кг" билдирди.
Депутаттын айтымында, элдик медицина менен клиникалык сыноодон өткөн дарылоо таризи эч качан бири-бирине коошпойт.
"Мен министрдин токтоосуз отставкага кетишин талап кылам жана анын кетишине ишенем",- деди Икрамов.
Мындан сырткары, депутаттар Жанар Акаев жана Альфия Самигуллина да Бейшеналиев отставкага кетиш керек деп эсептейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн