Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов мандат маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Жогорку Сотко даттанды. “Азаттыкка” Алимжанов өзү ырасттап, соттук отурум 14-февралга белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Экөө тең комиссиянын чечимине каршы сотко арызданган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да алардын арызын канааттандырган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн