Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү бузуунун зарылчылыгы жок экенин билдирди

07.05.2024 11:38
295
Депутат Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү бузуунун зарылчылыгы жок экенин билдирди


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү бузуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.


Анын айтымында, ал мындай сунуш менен Бишкек шаарынын мэрине кайрылган.


«Мен парктын чегинде турган үйлөрдү бузуунун кереги жок деп жаздым. Аларга салык салган жакшы. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү сатып алуучу бай болсо да, анын эч кандай тиешеси жок деп эсептейм. Бир кезде мамлекеттик документтер, кызыл китептер ар кандай мамлекеттик органдардын чечимдеринин негизинде обочолонуп, коррупциялык жол менен сатылып кеткени анын күнөөсү эмес», - деди ал.


Депутат жер амнистиясын эске салды. «Эмне үчүн кимдир бирөө жерди басып алат да, кийин ал жерге үй курууга уруксат берилет, ал эми сейил бактын жер тилкелерине үй салган чиновниктерди тааныбай, мыйзамдуу жол менен сатып алгандар жооп берип калышат", - деп кошумчалады.


Дастан Бекешев сейил бакта особняктардан тышкары бир нече көп кабаттуу үйлөр бар экенин жана 200-300 үй-бүлө көчөдө калышы мүмкүн экенин эске салды.


Эске сала кетсек, апрель айында мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн