Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев айыл чарбасын каржылоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү керектигин айтты.
Анын айтымында, көп учурда фермердин малы системада көрсөтүлбөй, ага кредит берилбей жатат.
«Дыйкандар күрөөгө кыймылсыз мүлк беришет, бирок ошондо да алар насыя ала алабй жатышат», - деди ал.
Депутат баага дал келген күрөө болсо насыя берүүгө уруксат берүү керек деп эсептейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн