Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев КТРКнын бүгүнкү ролу жеке каналдардан түшүп кеткенин айтты.
Анын айтымында, азыр адамдар маселесин КТРКга айтпай эле чечип алат.
"Азыр дүйнө жүзүндө журналистикада атаандаштык жаралды. Элде арман болсо КТРКга кайрылбайт. Ал тургай депутаттарга да кайрылбайт. КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе, иштеше берет. Ал жактан силерге доомат коё албайбыз. Жарандык журналистика салттуу журналистиканы жеңип бара жатат", - деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн