Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука, Чаткал элин кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады

30.12.2022 15:35
1024
Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука, Чаткал элин кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука, Чаткал райондорунун жашоочуларын кирип келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоо тексти:


Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу Ала-Бука, Чаткал райондорунун тургундары! 


Сиздери кирип келе жаткан жаңы 2023-жыл менен чын дилимден куттуктайм!


Жаңы жыл Кыргызстандын ар бир үй бүлөсүнө бак-таалайдын, ырыскынын, ынтымактын жылы болсун.


Узап бара жаткан жыл мамлекетибиз үчүн олуттуу окуяларга мол, жемиштүү жылдардан болду. Пенсия, жөлөк пулдардын, айлык маяналардын көбөйүшү, өлкөбүздөгү жаӊылануунун мисалы. Дүйнөдө болуп жаткан саясий, экономикалык кырдаалга карабастан, мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенем. Учурдагы ар бир жасап жаткан кадамыбыз, кабыл алган чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылууга багытталат. 


Башынан нечендеген кыйынчылыктарды өткөргөн, көп кылымдарды карыткан тарыхы бар акылман элибиз өнүккөн өлкөдө жашоого татыктуу.


Сиздерди дагы бир жолу кирип келе жаткан жаңы 

жылыңыздар менен куттуктайм. Жаңы жылда асыл максаттардын, аруу тилектердин баары орундалсын. Мамлекетибизде тынчтык, элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун!


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаты   Азизбек  Турсунбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн