Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука шайлоо округунун тургундары менен жолугушту

23.02.2023 11:08
252
Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука шайлоо округунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука шайлоо округунун шайлоочулары менен жолугушту.


Депутат Турсунбаев  өзүнүн жолугушуусунда шайлоо алдында берген убадалары жана программасынын алкагында иштер аткарылып жатканын билдирди.


"Мен сиздер менен шайлоодон кийин да байма-бай жолугушууларды өткөрүп келе жатам.

Мен  сиздердин суроо-талап,  сунуштарыңызды аткаруу максатында Министрлер кабинети жана тиешелүү органдар менен тыгыз иш алып барып, алардын аткарылышын көзөмөлдөп турам.


Ошондой эле, сиздердин көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште көтөрүп жатам.


Буйруса, элибиздин жыргалчылыгы үчүн талыкпай дагы кызмат кыла беребиз",- деди депутат Турсунбаев.


Ошондой эле Азизбек Турсунбаев район тургундары үчүн Министрлер кабинети тарабынан тез жардам унаасы жана эки өрт өчүрүүчү техника алынганын кошумчалап, техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн