Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Азизбек Турсунбаев Чаткалга ӨКМнын тик учагы менен тойго барганбы? Депутаттын жообу

22.02.2023 14:20
665
Депутат Азизбек Турсунбаев Чаткалга ӨКМнын тик учагы менен тойго барганбы? Депутаттын жообу



Kloop.kg редакциясы өздүк булактарына таянып Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Чаткал районунун Сумсар айылына тойго Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болгон Airbus H-125 тик учагы менен барганын жазып чыкты. 


"Клооп" басылмасынын маалыматына ылайык, депутат Азизбек Турсунбаев "Капитал Строй Инвест" курулуш компаниясынын жетекчиси Талантбек Кенжеевдин балдарына берген тойго барган.


Аталган маалыматты тактоо максатында биздин редакция Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевге кайрылдык.


"Мен 16-февралда Ала-Бука шайлоо округундагы шайлоочуларым менен жолугушуу өткөрдүм. 

Андан кийин Чаткал районундагы тойго чакырганы үчүн катышканым чын.

Бирок баса белгилеп айта кетейин, мен Ала-Бука, Чаткалга өзүмдүн унаам менен барганмын. Министрликтин тик учагы менен эмес",- деди депутат.


Азизбек Турсунбаев ошондой эле бардык басма сөз каражаттарын сыйлай тургандыгын жана кандайдыр маалымат таратуудан мурда аны тактоону кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн