Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Депутат Азизбек Турсунбаев эл байлыгын кайтарууга салым кошот

27.01.2022 14:17
2307
Депутат Азизбек Турсунбаев эл байлыгын кайтарууга салым кошот


Бир мандаттуу Ала-Бука, Чаткал округунан депутаттыкка шайланган Азизбек Турсунбаев коллегаларынын ичинен колдоого алынып, эл үчүн кызмат кылууга кадам таштады. Аныгында... Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине төрага болуп шайланды. Республика боюнча ушул жаатынан чыр-чатактар чыкканы, лицензия алып алган байлардын кутурганы, мамлекет тарабынан дыкат көзөмөл жүргүзүлбөгөнү, айтор, толгон-токой кемчиликтер менен элдин нааразычылыгын жаратып келишкен. Бул жагынан баары мафияга айланышып, өзүмбилемдикке ык коюшканы жашыруун эмес. Дал ушундай кырдаалда аталган комитеттин төрагалыгына Азизбек Атакозуевич келип аткан соң, тартип, мыйзамдуулук орноп, элибиздин кызыкчылыгы корголору алдыртан байкала баштады. Депутат мырза Жогорку Кеңештен туура багытын көрсөтүп берсе, андан аркысын күч органдары тескесе, Кыргызстанда жер байлыктарына ырааттуу түрдө саясат жүрө баштайт эле. Буга чейин ар бир бийликке жагалданган олигархтар, маслократтар кен казыналары боюнча миллиондорду айландырышып, мамлекетти кыйгап өтүшүп, коррупциялык иштерди жүргүзүп келишкен. Дал ушул жагы ачыкталса, эл байлыгына ээ болсо не? Биз да көзөмөл кылмакчыбыз...


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Максатбек Култаев
Азизбек Турсунбаев эң татыктуу ишкер акыйкатын Аллах билет бирок менин пикирим татыктуу талапкер ишкер Ишке көзөм жигит,мен колдойм ар дайым.
Анвар
100 пайыз колдойм