Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 03:46
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Депутат Азизбек Турсунбаев улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады

01.10.2025 14:18
604
Депутат Азизбек Турсунбаев улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев улуу муунду Карылар күнү менен куттуктады.

Эл өкүлүнүн куттуктоо сөзү:


«Урматтуу ак сакалдуу аталар!


Кадырлуу ак элечек энелер!


Сиздерди 1-октябрь эл аралык карылар күнү менен куттуктайм. Илгертеден нарктуу элибиз улууларга урмат көрсөтүп, карыларын кастарлап сыйлап келген. Себеби, карыларыбыз - төрдүн көркү, акылдын кенчи. Алар өздөрүнүн турмуштук тажрыйбасынан алган ийгиликтерин, катачылыктарын тараза ташына салып, анан андан чыккан натыйжаны жаштарга акыл-насаат катары айта алышат. Ошондон улам дагы элибизде “Карынын сөзүн капка сал” деген накыл кеп айтылып калса керек.

Кадырлуу аталар, энелер! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт коштогон узак өмүр каалайм. Уул-кыздарыңыздардын, небере-чөбөрөлөрдүн урмат-сыйына бөлөнүп, бактылуу карылыктын доорун сүрүңүздөр. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер, акыл-насаатыңыздар жаштар үчүн ар дайым жол көрсөтүүчү белги болуп турсун. Үйүңүздөрдө бакыт орноп, ырыскыңыздар мол болсун. Бар болуңуздар.

Майрамыңыздар кут болсун!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн