Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат Баткенде окко учкан аскерлерге "Эл баатыры" наамын берүүнү сунуштады

27.05.2021 14:54
1835
Депутат Баткенде окко учкан аскерлерге "Эл баатыры" наамын берүүнү сунуштады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен окуясында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайда чыккан куралдуу кол салууда каза болгон үч жоокерге «Эл баатыры» наамын берүүнү сунуштады.


Ошондой эле ал Баткен окуясында жарадар болгон жана аягына чейин күрөшүп турган жоокерлерге «Данк» медалын берип, колдоо керектигин айтты.


Эл өкүлү мындан сырткары Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайдын филиалын ачууну суранды.


«Баткен облусуна Суворов атындагы аскердик окуу жайын ачып берсеңиздер, өтө жакшы болмок. Ошол жердеги канчалаган жаштарыбыз окуп, келечекте элибизге, жерибизге чоң кызмат кыла турган жаштарыбыз өсүп чыкмак. Ушул маселени карап берсеңиздер, мен протоколдук тапшырма катары берет элем» , — деди Икрамов.

Булак: maralfm.kg

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
ЖаныБазар
Эл баатыры наамын,курман болгондорго гана эмес эрдик корсотуп,тируу калгандарына да бериш керек.
Улук смаилов
Ак үйдү коргондорого десем туура болбой калат окшойт басып алгандарга бергиле кыргыз эл баатырдын